08:40, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020577 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?

23 жаштагы жигит бишкектик тургундун 5 миң долларлык унаасын алдап алган

На русском
12:54, Теке айынын жыйырма бири, 2019 278
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май РИИБге 13-июль күнү Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 5 миң долларга бааланган «Мерседес Бенц» унаасын ижарага алып, качып кеткен К.Д. аттуу жигитке чара көрүүнү өтүнгөн. Окуя «Фрунзе» мейманканасынын жанында болгон.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1996-жылы туулган К.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кошумча тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком