02:32, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020164 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Сүрөт — Аравандагы убактылуу кармоочу жайдын абалы кандай?

На русском
21:32, Теке айынын жыйырмасы, 2019 163

Баракелде -  Араван РИИБдин имаратында жуунучу бөлмө менен желдеткич жок болгонуна карабастан, абалы жакшы. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Укук коргоочулар Ош облусунун Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып келишти.
Сулаймановдун айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайда бир адам болгон.

«Ысык суу бар. Ал эми камералардын ичи таза, өзгөчө жыт жок. Бир гана Араван РИИБдин жетекчилигине камераларды керебеттер менен жабдуу маселесин чечүү сунушталды. Анткени бүгүнкү күндө камераларда топчандар бар», - деди ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, аталган убактылуу кармоочу жайдын абалы каржы ресурстарынын жоктугунан же анын жетишпегендигинен көз каранды эмес экенин көрсөтүп турат.

«Тазалык, тартип, дары-дармектин болуусу ички иштер бөлүм менен убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигинин өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусунан көз каранды болот», - деди Сулайманов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком