08:19, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020567 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар

Өзбекстандык аял Кыргызстанга эжесинин паспорту менен кирүүгө аракет жасаган

На русском
10:53, Теке айынын жыйырмасы, 2019 194
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бүгүн, 20-июлда Баткендеги «Кадамжай — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Өзбекстандын 1977-жылы туулган жараны М.Е. (аял киши) Кыргызстанга келе жаткан. Ал көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда 1974-жылы туулган И.З.га таандык паспортту көрсөткөн. Чек арачылар документ ага таандык эмес экенин аныктап, М.Е. ошол жерден кармалган.

Анын айтымында, ал чек арадан эжесинин паспорту аркылуу өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком