17:27, Үчтүн айынын он сегизи, 2020

Президент С.Жээнбеков Оштогу жаңы Калкты тейлөө борборуна барды

20:10, Теке айынын он тогузу, 2019 115

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Ош шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборуна барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов Калкты тейлөө борбору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө мамлекет башчысына маалымат берди. Анын айтымында, борбордун иши жаңы форматта жүргүзүлөт. Бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыларды каттоо боюнча жарым-жартылай кызмат көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору-2 имаратынын аянты 300 чарчы метрге жакын, күнүнө миңге чейин адамды тейлей алат. Мындагы бардык кызматтар автоматташтырылган режимде көрсөтүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов ушундай эле жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору жакында Баткен облусунда ачылганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла жеңилдетип, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин канааттануу менен белгиледи. Ал калктын суроо-талаптары менен иштөөдө максималдуу ыкчамдыкты жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө санариптик трансформациялоонун алкагында мурда белгиленген мөөнөттөгү бардык пландаштырылган иш-чараларды тездетүүнүн жана аяктоонун маанилүү экенин белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком