17:23, Үчтүн айынын он сегизи, 2020

Баткенде аскер кызматкери машыгуу учурунда чыныгы бычакты колдонгон

На русском
22:14, Теке айынын он тогузу, 2019 201
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Баткен шаарындагы №2052 аскер бөлүктө машыгуу учурунда аскер кызматкери бычактан жаракат алды. Окуя ушул жылдын май айында болгонун АКИpress агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Машыгуу учуруда жасалма бычактын ордуна чыныгы бычак колдонушкан. Аскер кызматкери ооруканага жеткирилип, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Аскер кызматкеринин жаракат алганы боюнча материалдар Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком