07:48, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020548 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (13 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (4 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар

Абактан чыккан 71 жаштагы адам Бишкектеги карылар үйүнө жайгаштырылды

На русском
14:47, Теке айынын он тогузу, 2019 215

Баракелде -  71 жаштагы адам абактан чыккандан кийин Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жайгаштырылды. Ал социалдык жардамга муктаж экенин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 1948-жылы туулган Анатолий Ткачев Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берене (эски редакция, адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан күчөтүлгөн тартиптеги абакка 16 жылга кесилген.

«Анын жаза өтөө мөөнөтү 2008-жылы 26-августта башталган. Ал 2018-жылы 3 майда дарылануу үчүн №47 мекеменин алдындагы ооруканага жаткырылган. А.Ткачев гипертониядан (кан басымынын жогорулашы) жабыркап, баш мээсинен инфаркт алган. Ошондой эле башка оорулардан да жабыркайт.

Учурда ал туугандары менен байланышпайт жана туруктуу жашаган жери жок. Тиешелүү документтер топтолгондон кийин 5-июлда Ленин райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгы Анатолий Ткачевди Бишкектеги карылар үйүнө жайгаштырды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком