08:47, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020443 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020211 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (18 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области

Клиптерин көрүп, китеп жазып, неберелерин ойнотот: Түркмөн президентинин эс алуусу (видео)

На русскомEnglish
09:36, Теке айынын он тогузу, 2019 892

Баракелде -  Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эмгек өргүүсүнө чыкты. Өлкө башчы эс алууну китеп жазуу менен баштаганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн сюжетте президент неберелери менен чогуу сейилдеп, мышыктарды ойнотконун да көрүүгө болот.

Буга чейин маалым болгондой, Гурбангулы Бердымухамедов ат жана алабай тукумундагы күчүктөрдү жактырат. Мамлекеттик телеканал өлкө башчы жылкы жана күчүктөргө жакын экенин, алар тууралуу китеп жазып, өзүнүн ырларын арнаганын көрсөтүп келет.

«Балдардын үй жаныбарларына жасаган мамилесинен алардын жоопкерчиликтүүлүгүн көрүүгө болот», - деп жазды Түркмөстандын мамлекеттик маалымат агенттиги.

Видеодон Гурбангулы Бердымухамедов «Түркмөнстандын дары чөптөрү» аталышындагы китеп жазып, сыналгыдан өзүнүн клиптерин көрүп, неберелери менен сейилдегенин көрүүгө болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком