18:35, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

2,6 млн сом: Кыргызстанга кымбат унаалар мыйзамсыз алынып келген (сүрөт)

На русском
13:02, 18 теке 2019 111

Баракелде -  Кыргызстандын аймагына бажы алымдары төлөнбөй ташылып келинген транспорт каражаттары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата кылмыш иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрдөн Кыргызстанга унаалар бажы алымдары төлөнбөй ташылып келингени аныкталган. Анын кесепетинен бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

«Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын июль айынын башында Кыргызстандын аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген "Лексус" жана "Шевроле" үлгүсүндөгү 2 унаа табылды. Кыргызстандын аймагына кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө 2 млн 608 миң сом зыян келтирилген.

Учурда өлкө аймагында унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схемаларга катыштыгы бар тараптар жана аларга тиешеси бар кызматкерлерге карата текшерүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком