02:54, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сот Садыр Жапаровго мунапыс берүүдөн баш тартты

На русском
21:48, 17 теке 2019 198
// АКИpress

Баракелде -  Аламүдүн райондук соту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Садыр Жапаровго мунапыс берүү боюнча сунуштамасын аткарган жок.

ЖАМКтын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда тараткан маалымат боюнча, сунуштама 2 ай мурун берилген. 16-июль күнү Аламүдүн райондук соту сунуштаманы четке какты.

30-апрелде Жогорку сотто Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун иши каралган. Анда экс-депутаттын жазасы кыскартылганы айтылган. Тактап айтканда, 11 жыл 6 ай мөөнөттөгү жаза 10 жыл деп кыскартылган.

Садыр Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымта уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган. Буга чейин Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком