23:05, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 202087 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201343 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020128 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Санкт-Петербургда унаадан кыргызстандык жарандын денеси табылды

На русском
19:43, Теке айынын он жетиси, 2019 462
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июлда соода борборлордун биринин унаа токтотуучу жайындагы унаадан белгисиз адамдын денесин табышкан. Бул факт аймактык полиция бөлүмүнө катталган.

Болжолдуу маалымат боюнча, денеде зомбулуктун белгилери жок. Учурда өлүмдүн себеби аныкталууда.

«10 күндөн кийин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен маркумдун туугандары табылды. Каза болгон адам Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын 1985-жылы туулган тургуну экени такталды. Ал куруучу болуп иштеп жаткан. Болжол менен 1 ай мурун жакындары менен байланышпай калган. Туугандары тиешелүү документтерди алып, денени "Жүк-200" аркылуу мекенине жеткиришти», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком