11:18, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Санкт-Петербургда унаадан кыргызстандык жарандын денеси табылды

На русском
19:43, 17 теке 2019 362
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июлда соода борборлордун биринин унаа токтотуучу жайындагы унаадан белгисиз адамдын денесин табышкан. Бул факт аймактык полиция бөлүмүнө катталган.

Болжолдуу маалымат боюнча, денеде зомбулуктун белгилери жок. Учурда өлүмдүн себеби аныкталууда.

«10 күндөн кийин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен маркумдун туугандары табылды. Каза болгон адам Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын 1985-жылы туулган тургуну экени такталды. Ал куруучу болуп иштеп жаткан. Болжол менен 1 ай мурун жакындары менен байланышпай калган. Туугандары тиешелүү документтерди алып, денени "Жүк-200" аркылуу мекенине жеткиришти», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком