19:56, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Некролог: Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев

На русском
08:01, 17 теке 2019 161
Ашырбек Темирбаев
Ашырбек Темирбаев

Баракелде -  Кечээ, 16-июлда Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Темирбаев Ашырбек Мойдунович 67 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Темирбаев Ашырбек Мойдунович 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Эмгек жолун 1973-жылы Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасында өткөөлчүнүн жардамчысы, андан соң Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахтада өткөөлчүнүн жардамчысы катары баштаган.

1975-жылы Фрунзе политехникалык институтун тоо-кен инженери адистиги боюнча аяктаган соң Таш-Көмүр шахта башкармасында иштеп баштап, өткөөлчүдөн кен устасы, участоктун башчысынын орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

- 1980-жылы — Таш-Көмүр шахта башкармасынын комсомол комитетинин катчысы;

- 1987-жылга чейин Таш-Көмүр шаардык комитетинде жана Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Ош облустук комитетинде ар түрдүү кызматтарда иштеген;

- 1987-жылы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине ишке өтүп, мында уюштуруу бөлүмүнүн инспектору жана экинчи катчынын жардамчысы кызматтарында иштеген;

- 1991-жылы — Кыргызстан КПнын Таш-Көмүр шаар коомунун биринчи катчысы, андан соң Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;

- 1991-1993-жылдары — Жогорку Советтин төрагасынын жардамчысы;

- 1993-2009-жылдары Жогорку Кеңеште ар кандай кызматтарда иштеген;

- 2009-жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары;

- 2009-2011-жылдары — өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары болгон;

- 2011-2012-жылдары — Башкы прокуратуранын иш башкаруучусу;

- 2012-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Өкмөттүаппарат жетекчисинин биринчи орун басары — өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп эмгектенди.

Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн А.Темирбаев «Манас-1000» жана «Даңк» медалы менен сыйланган.

Темирбаев Ашырбек Мойдунович өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту жана үлгүлүү мамлекеттик кызматкер болгон. Ал ак жүрөктүгү, чынчылдыгы жана боорукердиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Анын адамдык сапаттары мамлекеттик кызматтарда ийгиликтүү иштөөнү шарттап, алдына коюлган милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып келген. Ал ишенимдүү дос, мыкты уюштуруучу, үй-бүлөсүнө камкор инсан болгон.

Ашырбек Мойдуновичтин өмүр жолу жана кесипкөйлүгү өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ортосунда узак мөөнөттүү жана конструктивдүү байланыштарды түзүүнү шарттады, анын аркасында өкмөт тарабынан демилгенген көптөгөн маанилүү жана кечиктирилгис мыйзам долбоорлорун өз убагында кабыл алуу мүмкүн болду.

Темирбаев Ашырбек Мойдуновичтин жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С.Ш.Жээнбеков, Д.А.Жумабеков, Г.Ү.Калиева, М.Д.Абылгазиев, А.А.Касымалиева, М.И. Бакиров, И.Ш.Өмүркулов, Ж.К.Турускулов, А.Б.Баатырбеков, Б.Э.Төрөбаев, А.Т. Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, Д.А.Эсеналиев, К.С.Дыйканбаев, Т.Т.Стамалиева, Н.К. Шайлдабекова, У.А.Марипов, К.А.Боронов, Ж.П.Разаков, А.С.Өмүрбекова, З.М.Аскаров, С.К Ибраев, С.А.Кылжыев, Ч.А.Айдарбеков, К.А.Жунушалиев, М.Т.Жаманкулов, Ж.Жээнбаева, С.Т.Муканбетов, Э.У.Чодуев, Ж.С.Бейшенов, Н.С.Мирзахмедов, Г.К.Кудайбердиева, К.С. Чолпонбаев, А.К.Жаманкулов, У.Т.Кочкоров, Э.Д.Тердикбаев, О.Н.Опумбаев, Э.К. Осмонбетов, Д.Д.Догоев, А.Э.Суракматов, К.У.Сатыбалдиев, Р. А.Асаналиев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком