08:54, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020582 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (18 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (6 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (3 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар

«Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү лидери кармалды

На русскомEnglish
18:08, Теке айынын он беши, 2019 239

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү лидери кармалды. Ал — Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы тургуну М.М.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, М.М. 2018-жылдын ноябрь айынан бери Кылмыш-жаза кодексиндеги 299-2-берене (эски редакция, экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) боюнча айыпталып изделип жаткан. Ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөн.

«Ыкчам кызматкерлер аны Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткиришкен. "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун көптөгөн адабияттары табылды. Адабияттар жана башка материалдар далил буюм катары тергөө органдарына өткөрүлүп, соттук-теологиялык экспертиза дайындалды. Ал эми кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Болжолдуу маалымат боюнча, М.М. укук коргоо органдарынан жашырынып, Жалал-Абад, Чүй облустары жана Бишкек шаарынын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзүп, калктын аялуу катмарындагы адамдарды уюмга тартып, экстремисттик лидерлердин чогулушуна барып жүргөн.

26-июнда Ленин райондук сотунун чечими менен М.М. убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) 1 айга камалды. Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком