09:40, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын премьер-министри жолугушту (сүрөт)

На русском
17:44, 12 теке 2019 143

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бул сапар Аскар Маминдин Казакстандын премьер-министри болгондон кийинки алгачкы расмий визити экенин белгиледи.

«Казакстан биздин негизги өнөктөштөрдүн бири. Сиздин сапарыңыздын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташуу тууралуу кеңири ой-пикир бөлүшүп, маанилүү чечимдерди даярдоого шарт түзүлдү деп ишенем», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерин жогору бааларын белгиледи. Анын айтымында, президент Касым-Жомарт Токаев менен жылуу жана ишенимдүү мамилелер түзүлдү.

«Биргелешкен аракеттер менен биз мындан ары дагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрө беребиз. Өкмөттөр аралык кеңештин бүгүнкү жыйынында сиздер бардык маселелер боюнча чечимдерди талкуулап, кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүгүңөр болду деп ойлойм», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Аскар Мамин жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Нурсултан Назарбаев жана президент Касым-Жомарт Токаевдин айтып жиберген каалоо-тилектерин жеткирди.

Ал бүгүнкү өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибинде турган экономикалык көпчүлүк маселелер талкууланып, өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганын белгиледи.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүү 15 пайызга өстү. Бул жылы биз соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүү максатын койдук», - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков жана Аскар Мамин кыргыз-казак кызматташуусунун бардык актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком