16:04, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин келди

На русскомEnglish
11:42, 12 теке 2019 142

Баракелде -  Бүгүн, 12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Алардын катарында VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны да бар. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кеңири форматта өтмөкчү.

«Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген. Ошондой эле Казакстандын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком