09:16, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020248 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201358 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Бүгүн Бишкекке Казакстандын премьер-министри келет

На русскомEnglish
07:59, Теке айынын он экиси, 2019 238
Аскар Мамин
Аскар Мамин

Баракелде -  Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бүгүн, 12-июлда расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Расмий сапардын алкагында Аскар Мамин бир катар иш-чараларга катышып, тар жана кеңири курамдагы жолугушуулар өтөт. Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетикалык тармак, өндүрүш кооперацияларындагы аракеттенишүү, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашат.

Күн тартибине соода, инвестиция, өнөр жай, транспорт, маданият, туризм, билим берүү жана башка тармактардагы кызматташуу маселелери киргизилет.

Казакстандык делегациянын курамы:

- премьер-министрдин орун басары Женис Касымбек;

- Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев;

- Премьер-министрдин канцеляриясынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев;

- саламаттыкты сактоо министри Ельжан Биртанов;

- индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Роман Скляр;

- соода жана интеграция министри Бахыт Султанов;

- Финансы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитетинин төрагасы Марат Султангазиев жана башкалар.

Расмий визиттин жыйынтыгында бир нече документке кол коюлат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком