11:44, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202032 Өткөн жылы бензин орточо 5,1%га арзандады
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20202004 Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
10:19, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202054 Токмокто 57 млн сомго төрөт үйү курулуп жатат
Учурда окулуп жатат
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (106 адам окуп жатат)
Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
10:46, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (63 адам окуп жатат)
Ала-Букада РИИБдин эки кызматкери пара менен кармалды
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (8 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду

Эртең Түркияда атылып каза болгон жигиттин денеси Кыргызстанга жеткирилет

На русском
16:33, Теке айынын он бири, 2019 155

Баракелде -  Эртең, 12-июлда Түркиянын Аланья шаарында көчөдө ок тийип каза болгон кыргызстандык 23 жаштагы жигиттин денеси Кыргызстанга жиберилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-июлда башкы консул Эркин Сопоков Анталья провинциясына болгон иш сапарынын алкагында тапанча менен атып өлтүрүлгөн кыргызстандык жарандын жубайы жана туугандары менен жолугушуу өткөрдү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Э.Сопоков Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, бул окуяны калыс карап чыгуу өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле башкы консул каза болгон жаран эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» мейманканасынын жетекчилиги менен жолугушту», - деп айтылат маалыматта.

Учурда башкы консулдук тарабынан маркумдун денесин Кыргызстанга жеткирүү маселеси толугу менен чечилди. Туугандары менен макулдашуунун негизинде маркумдун денеси 12-июлда жөнөтүлөрү күтүлүүдө.

-----------------------------------------------

Буга чейин Түркияда кыргызстандык жаш жигит киши колдуу болуп көз жумгандыгы маалымдалган. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, 7-июлда Аланья шаарынын аймагындагы дүкөндөн чыккан жаш жигитке тапанчадан ок атылган. Ал көп узабай каза болуп, өздүгү такталгандан кийин Кыргызстандын 1996-жылы туулган жараны М.И. экени белгилүү болгон.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери көп узабай шектүү катары жергиликтүү 40 жаштагы жашоочуну (эркек киши) кармашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мындай кылмыштын себебин маркум экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик менен байланыштырган.

Аланья

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком