02:57, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жыл башынан бери 160 миңдей жалпы жарандык паспорт берилди

На русском
21:52, 11 теке 2019 105

Баракелде -  Ушул жылдын январь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 160 миңден ашык жалпы жарандык паспорт жана 200 миңдей ID-карт берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкектеги маалымат жыйында Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда 9 маалыматтык система иштеп жатат. Бул системалар кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт. Ошондой эле өлкөдө 17 Калкты тейлөө борбору, Бишкек шаарында кошумча 4 кичи борбор иштейт.

«Жакында эле Баткенде жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды. Ал эми 22-июлда Ошто, жыл аягына чейин Кочкор, Базар-Коргон, Кызыл-Суу айылдарында ачылат. Кара-Суу районунда аталган борборду ачуу маселеси каралып жатат», - деди төрага.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком