11:17, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвага иштегени кетип, дайынсыз жоголгон жаш келин табылды

На русском
16:24, 10 теке 2019 (Жаңыланды: 18:24, теке 13 2019) 5341

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн иш-аракетинин натыйжасында дайынсыз жоголуп, изделип жаткан кыргызстандык жаран табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 30-июнунда өкүлчүлүккө Жалал-Абаддагы Аксы районунун 28 жаштагы тургуну К.К. дайынсыз жоголгон тууганы — 1998-жылы туулган С.Э.ни (кыз киши) издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Дайынсыз жоголду делген кыз ушул жылдын апрель айында Москва шаарына кетип, иштеп жүргөн. Кийинчерээк туугандары менен байланыш үзүлгөн. Телефон аркылуу анын тууганына Москва шаарынын аймагында дайынсыз жоголгон кызды кандай жолдор менен издөө керектиги боюнча маалымат берилген. Туугандары тарабынан өз алдынча издөөдөн оң жыйынтык чыккан эмес.

Жоголгон кыздын апасы — Аксы районунун 1978-жылы туулган тургуну А.К. Москва шаарына учуп барып, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Өкүлчүлүктүн кийлигишүүсү менен Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча бөлүмүнүн аймактык түзүмү тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин тактоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында С.Э. Москвадан табылды.

Ал Москвага акча табуу максатында иштегени барганын, уюлдук телефонун жоготуп алгандыктан туугандары менен байланышпай калгандыгын, кийинчерээк жашаган жерин алмаштырып, дарегин билдирүүгө жетишпей калганын айтты. С.Э.нин жашы жете элек кызы бар болгондуктан туугандары менен мекенине кайтууну чечкен. Ал апасы менен Бишкекке учуп келди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком