22:30, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМК провокациялык маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат

На русском
14:56, 6 теке 2019 134

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интернет түйүндөрү менен социалдык тармактарга улуттар аралык жаңжал чыгарууга багытталган провокациялык маалыматтарды тараткандарды аныктоонун үстүндө активдүү иш алып барып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Жазык кодексинин 313-беренесине ылайык, расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоону ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен жасагандар жоопкерчиликке тартылып, 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат», - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу УКМК жарандарды интернет тармактарга улуттар аралык жаңжал чыгарууга багытталган провокациялык маалыматтарды таркатуудан алыс болууга чакырат. Ошондой эле провокациялык материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком