11:15, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада 2 жыл мурун дайынсыз жоголгон кыргызстандык киши өз өмүрүн кыйган

На русском
19:18, 3 теке 2019 297

Баракелде -  Москва шаарында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны боюнча тактоо иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын февраль айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Чүй облусунун 1975-жылы туулган тургуну Ч.Ш. (аял киши) кайрылып, жарандык никедеги жолдошу — Чүй облусунун 1968-жылы туулган тургуну М.С. дайынсыз жоголгондугун билдирип, жардам сураган. Акыркы жолу аны Москвадан 2017-жылы 11-июль күнү көрүшкөн.

«Алар 2001-жылдан бери чогуу жашашканы, жашы жете элек 3 баласы бар экендиги, Москва шаарына 2016-жылы каражат табуу максатында келишкени аныкталган. Ч.Ш. 2017-жылдын июлунун аягында жарандык никедеги жолдошу дайынсыз жоголгондугу боюнча арыз менен жергиликтүү полиция бөлүмүнө кайрылган. Бирок ушул күнгө чейин текшерүүнүн жыйынтыгы белгисиз экендигин, ошол эле убакта өз өлкөсүнө келгенине байланыштуу жашаган жери жана телефон номурлары өзгөргөнүн билдирген.

Ал ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылгандан кийин Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранын издөөнү уюштуруу үчүн Россиянын ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кайрадан кайрылуу чечими кабыл алынган. М.С. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүлгөн.

Ушул жылдын 28-июнь күнү Ч.Ш.га 2017-жылдын 16-июлунда Москва шаарында киши колдуу болуп өлбөгөн азият түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денесинин сүрөтү көрсөтүлгөн. Аталган факт өзүн-өзү өлтүрүү факты катары катталып, экспертиза жүргүзүлүп, маркумдун жансыз денеси өлүкканага жеткирилип, андан кийин жерге көмүлгөн. Сүрөттөрдөн Ч.Ш. жарандык никедеги жолдошу — эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан М.С.ны тааныган.

Учурда тиешелүү документтер алынып, эксгумация жана денени "Жүк-200" аркылуу кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилүүдө.

2018-жылы ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү 16 жыл дайынсыз жоголду деп эсептелинген Кыргызстандын жаранын тапкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком