06:02, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте тил үйрөтүүчү мектептин директорун сабаган шектүү изделип жатат

На русском
12:07, 3 теке 2019 116
Директор Cambridge School Т.Абубакар.
Директор Cambridge School Т.Абубакар.

Баракелде -  Бишкек шаарында сабалган чет өлкөлүк адам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 2-июлда саат 17:30 чамасында 102 кызматына Улуттук госпиталдан оор жаракат алган чет элдик адам түшкөнү тууралуу билдирүү келген.

«Ошондой эле 102 номуруна "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанында азиат түспөлүндөгү белгисиз адам Нигериянын 1985-жылы туулган жараны Т.А.ны сабаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Учурда жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берененин 1-бөлүмү (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Свердлов РИИБдин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүнү кармоого багытталган иш-чараларды баштады.

Буга чейин сабалган чет өлкөлүк адам тил үйрөтүүчү мектептердин биринин (Cambridge School) директору Т.Абубакар экени белгилүү болгон. Аны кыргызстандык жаран 2-июлда саат 16:30 чамасында «Айчүрөк» соода борбору тараптан сабаганын «Репортерго» күбөлөр билдирген болчу.

«Жаакка урулган соккудан кийин асфальтка башы менен жыгылган. Андан кийин эс-учун жоготту», - деди окуяга күбө болгон окурман.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком