08:50, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте калкты тейлөө кичи борборунан дагы экөө ачылды (сүрөт)

На русском
14:55, 27 кулжа 2019 102

Баракелде -  Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарында калкты тейлөө кичи борборлору гипермаркеттин биринде жана Башкы почтамттын имаратында расмий түрдө өз ишин баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиргендей, бүгүнкү күндө Бишкекте төрт калкты тейлөө кичи борбору иштеп жатат. Аталган кичи борборлор ишке киргизилгенден баштап, 30 миң кеңеш берилип, 11 миң кызмат көрсөтүлгөн. Ал эми борборго орто эсеп менен 70-100 жаран кайрылып жатат.

Калкты тейлөө кичи борборлор документтер менен сүрөттөрдү кабыл алуу үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз кылынган.

Калкты тейлөө кичи борборлорунда төмөнкүдөй кызматтар көрсөтүлөт:

- Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын паспортун даярдоо жана каттатуу үчүн документтерди кабыл алуу;

- 2006-жылдагыдай үлгүдө жалпы жарандык паспортту даярдоого документ кабыл алуу;

- Кеңеш берүү;

- Жарандарды Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө кызматы менен электрондук форматта акысыз каттоо;

- Жашаган дарегин каттатуу;

- Идентификациялык номур берүү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком