16:25, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
15:21, 13 бештин айы 201918 14-декабрга карата аба ырайы

Өзбекстандын мурунку башкы прокурору 10 жылга камалды

На русском
08:53, 27 кулжа 2019 167

Баракелде -  Кечээ, 26-июнда Өзбекстандын Ташкент шаардык соту мурунку башкы прокурор Рашитжон Кадыровго жана 13 адамга карата айыптоо өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, Рашитжон Кадыров 2000-2015-жылдары башкы прокурор кызматын ээлеп турганда прокуратура жана укук коргоо органдарынын жогорку даражадагы кызматкерлери менен оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган.

Соттун жабык отуруму алты айга созулган. Анда айыпталуучулардын бардык далилдери текшерилген. Андан тышкары 200 күбө суралып, кызматтык текшерүүлөр, кылмыш боюнча чогулган далилдер, экспертизанын жыйынтыгы изилденди.

Соттун чечими менен Рашитжон Кадыров күнөөлүү деп табылып, Өзбекстандын Жазык кодексинин 50-беренеси боюнча 10 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 12 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттүү.

Ал эми башка айыпталуучулар дагы мыйзам чегинде жазаланып, ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары сот оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жогорку даражадагы кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу чечимин чыгарды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком