23:32, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Улан Саляновдун өлүмү: Негизги шектүү Москвадан алынып келди (видео)

На русском
18:09, 26 кулжа 2019 265

Баракелде -  Россиянын Москва шаарынан Бишкекке ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин атайын кайтаруусунун негизинде мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси — Улан Саляновдун өлүмүнө негизги шектүү болгон жаран алынып келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 6-ноябрында түн ичинде бет кап кийген 3 белгисиз адам Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар үйдүн бөлмөлөрүнүн биринен үйдүн ээси — 1975-жылы туулган Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң качып кетишкен. Ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам У.Салянов ооруканага бара жатканда каза болгон.

Аталган факт Аламүдүн РИИБ тарабынан катталып, Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин андан ары иликтөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

2017-жылдын ноябрында У.Саляновдун өлүмүнө шектелип Чүй облусунун 1986-жылы туулган тургуну Э.О. кармалган болчу. Ал буга чейин бейбашчылык, талап-тоноо фактысы боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Э.О.го кылмыш жасагандыгы тууралуу айып тагылып, тергөөнүн материалдары сотко жөнөтүлгөн.

22-майда Москва шаарынан Бишкекке Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип Токмок шаарынын 1983-жылы туулган жашоочусу А.А. учак менен алынып келген. Ал буга чейин оор кылмыш жасаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Аталган жаран алдамчылыкка шектелип жана Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча изделип жаткан. Ал Россиянын жана Кыргызстандын ИИМнин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарында кармалды.

Соттук териштирүүнүн жана өзүнчө бөлүнүп алынган иштерди иликтөөнүн жүрүшүндө Көк-Жар жаңы конушунда Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралууда. Азыркы учурда жогорудагы факт боюнча ыкчам тергөө жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком