03:27, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20202447 Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
21:19, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020165 Юрий Краковецкий Израилдеги турнирде 7-орунга ээ болду
21:05, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201263 Панфиловдогу арыктын «картасын» түшүргөн эшек
20:07, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201260 Сокулуктагы ооруканада дарыгерлер мушташты
19:59, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020679 Россияда кыргызстандык мигранттар кармалды
Учурда окулуп жатат
11:21, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (3 адам окуп жатат)
Өзгөчө ысым: Атыма тили келбегендер бар, - Ысык-Көлдүн тургуну
13:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (1 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ош ШИИБге кримчөйрөнүн 16 өкүлү алынып келди
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (1 адам окуп жатат)
Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы

«Жубайыңыз кетип калмак эмес беле?»: Казакстандык боксчу журналистке суу чачып жиберди (видео)

На русском
11:07, Кулжа айынын жыйырма алтысы, 2019 321

Баракелде -  Казакстандык боксчу Мадияр Ашкеев маектин жүрүшүндө журналисттин бетине суу чачып жиберди. Окуя «Убакыт көрсөтөт» телеберүүсүндө болгонун «Vesti.kz» басылмасы жазды.

Маектешүүнүн 25-мүнөтүндө алып баруучу боксчунун кесибиндеги коркунучтар тууралуу айтты. Ал россиялык боксчу Магомед Абдусаламовдун окуясын эстетти. Аталган спортчу 2013-жылы ноябрь айында кубалык Майк Перестен жеңилгенден кийин комага түшүп, азыркыга чейин өзүнө келе элек. Анын жубайы жолдошун таштап кетпей, аны жашоого кайтарууга үмүттөнүп келет. 2017-жылы сентябрь айында боксчунун үй-бөлөсү Нью-Йорк штатынан дарыгердин катасы үчүн 22 миллион доллар алган.

Журналист казакстандык боксчуга: «Эгер Магомеддин ордунда болсоңуз, жубайыңыз кетип калмак эмес беле?», - деп суроо берди.

Спортчу алып баруучуга суу чачып, маекти токтотту. Ал эми журналист алардын ортосунда ачык сүйлөшүү болуп жатканына ишендирүүгө аракет жасаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком