18:48, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жатак абактан качкан адам миңдеген акча уурдап, милиционерлерге ок аткан

На русском
15:18, 25 кулжа 2019 700
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жатак абакта жаза өтөп жаткан адам качып кетип, бир нече кылмыш жасаган. Ал алгач 18 жылга түзөтүү абагына кесилип, андан кийин жатак абакка которулган.

Шабдан (аты өзгөртүлдү) 2009-жылы Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 168-берене (каракчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы Москва райондук сотунун чечими менен Шабдан №45 жатак абакка которулган. Ага жатак абактагы кармоо тартиби түшүндүрүлүп, ал качпай турганы тууралуу кат жазып берген. Бирок 2016-жылы 6-августта текшерүү учурунда жок болуп, белгисиз жакка качып кеткен. Ал 4 жыл, 9 ай жана 4 күндүк жазаны өтөгөн эмес.

Ош шаарында 2016-жылы 5-августта саат 00:30 чамасында Амир-Темир кичи районундагы үйгө бет капчан жана куралчан адамдар кирип (арасында Шабдан бар), үй ээсинен акча талап кылышкан. Жабырлануучу аларга каршылык көрсөткөндө качып кетишкен.

2017-жылы 14-февралда Шабдан Аламүдүн районунун Маевка айылында жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип, 17 миң сомдук сыналгы жана 30 миң сом уурдап кеткен. Ошондой эле «ПМР-У» газ-травматикалык тапанча уурдалган. Жалпы материалдык чыгым — 87 миң сом.

Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында 2017-жылы 12-мартта саат 02:00 чамасында Шабдан турак үйдүн короосуна кирип, мал уурдоого аракет кылып, бирок кылмышты ишке ашыра албай калган. Ал Кара-Балта шаарындагы ресторандын жанында Ж.Э. аттуу адам менен кайым айтышып, аны бутка атып, качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Шабдан 2018-жылы 20-январда Бишкек шаарында А.Т. аттуу жарандын үйүнө кирип, 83 миң сом, 17,7 миң доллар, 350 юань жана «МР79-9 ТМ» үлгүсүндөгү тапанча уурдап кеткен. Жалпы чыгым — 1 миллион 152 миң 360 сом.

Бишкек шаарында 2018-жылы 2-февралда Шабдан унаа башкарып бара жатканда Ауэзов менен Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде РИИБдин кызматкерлери токтотушкан. Ал милиционерлерге баш ийбей, асманга ок чыгарып, качып кеткен. Анын кесепетинен милиция кызматкери жаракат алган. Окуя болгон жерден тапанча жана резина октор табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2018-жылы 20-февралда Бишкектеги үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлүп, А.А.га таандык айдоочулук күбөлүк табылган. Күбөлүккө Шабдандын сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы Шабдан паспорт жана айдоочулук күбөлүк албаганын билдирген.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, 2018-жылы 18-ноябрда Жайыл районунун аймагында Шабдан менен атайын даярдыктагы аскерлер ок атышып, аскерлердин бири жаракат алган. Ал эми шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Шабдан эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу, каракчылык, куралды мыйзамсыз алуу, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу, адам өлтүрүүгө аракет жасоо, уурулук, документ жасоого шектелип жатат. Ушул жылдын 25-февралында кылмыш иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком