08:50, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажрыйба алмашууга кызыкдар, - С.Жээнбеков

На русскомEnglish
18:19, 24 кулжа 2019 152
// Пресс-служба президента

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австриянын парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы белгилегендей, Федералдык кеңештин президентинин расмий визити өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн тереңдетет.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажрыйба алмашууга кызыкдар.

Ал эми Инго Аппе Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи. Ал Австрия тарап Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өзгөчө маани берип жана бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Инго Аппе ошондой эле өлкөдө парламенттик демократияны куруу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком