10:50, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Германияда табылган баңгизат: Бишкекте кондитердик компания тинтүүгө алынды

На русском
16:55, 24 кулжа 2019 518
Германияда табылган рекорддук көлөмдөгү аткезчилик героин
Германияда табылган рекорддук көлөмдөгү аткезчилик героин

Баракелде -  Укук коргоо органдары Германияда рекорддук көлөмдөгү аткезчилик героин табылгандан кийин «Элит Шоко» кондитердик компаниясы текшерүүгө алынганын тастыкташты. Азырынча башка азык-түлүк компанияларын текшерүүгө негиз жок экенин ИИМден билдиришти.

«Элит Шоко» ЖЧКнын кондитердик цехинин ээси Аида Жолдошева ИИМдин Тергөө башкармалыгына чакырылган. Андан кийин ишкана тинтүүгө алынган.

«Бирок Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы башка азык-түлүк компанияларын текшерүүгө алган жок. Себеби буга негиз жок», - деп айтылат маалыматта.

---------------------------------------------------------------------

Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Германияда рекорддук көлөмдөгү аткезчилик героин табылгандан кийин Кыргызстандын чет өлкөлөргө азык-түлүк экспорттогон ишканаларын текшерип баштаганы маалым болгон.

---------------------------------------------------------------------

Буга чейин «Немис толкуну» басылмасы Польшадан Германияга 670 кг салмактагы баңгизатты жүк ташуучу унаа менен ташып бара жаткан айдоочу кармалганын жазган болчу. Ал унаа Кыргызстандан чыгып, 1-июнда чек арадагы Франкфурт аймагынан текшерүүгө алынган. Баңгизат Түркиядан чыгарылган таттуу катары таңгакталган. Жалпысынан 532 даана таңгак болуп, анын ар бири 1,3 кг болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком