03:29, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020174 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201350 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Дипломатиялык номурлуу унаа жаш жигитти сүзүп кетти. Элчиликтин билдирүүсү

На русскомEnglish
16:02, Кулжа айынын жыйырма төртү, 2019 273
// Нурайым Айткулова

Баракелде -  Американын Кыргызстандагы элчилиги дипломатиялык номурлуу унаа катышкан жол кырсык боюнча комментарий берди. Аталган кырсыктан жаш жигит жабыркаган болчу.

Элчиликтин билдирүүсүндө: «Американын элчилиги элчиликтин кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыктын кесепетинен жабыркаган жаш жигитке тилектештигин билдирет. Авариядан кийин элчиликтин кызматкери унааны жолдун четине токтотуп, окуя болгон жердеги бийлик өкүлдөрү менен кызматташкан. Элчиликтин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, анын саламаттыгын камсыздап, маселени чечүү үчүн жаш жигит менен байланышкан», - деп айтылат.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө бул жол кырсыкка байланыштуу маалыматтар тараган. Анда АКШнын Бишкектеги элчилигинде эмгектенген айым дипломатиялык номуру бар унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү окуя болгон жерден кетип калганы айтылган болчу.

Кийинчерээк Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү «Лексус RX350» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткенин ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Окуя 18-июнда саат 17:30 чамасында болгон. 51 жаштагы М.К. унаасын Ч.Айтматов проспектиси менен айдап бара жатып, «Манас» кинотеатрынын каршысынан жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Жабырлануучу — 22 жаштагы М.Б. жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

ШИИБдин алдын ала маалыматы боюнча, унааны элчиликте эмгектенген айым башкарып бара жаткан. Бул окуяга байланыштуу топтолгон материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком