02:50, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Казакстанда аскер бөлүктө жарылуу болуп, жашоочуларды коопсуз жерге көчүрүп жатышат

На русском
15:11, 24 кулжа 2019 1306
Арыс шаары
Арыс шаары

Баракелде -  Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарынын аймагындагы аскер бөлүктө жарылуу болду. Окуя бүгүн, 24-июнда катталганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Облустун акиминин кеңешчиси Сакен Калкаманов региондун башчысы Умирзак Шукеевдин өзгөчө кырдаалга байланыштуу билдирүүсүн таратты.

«Аскер бөлүктүн аймагында жарылуулар болду. Облус боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бардык райондор, калктуу конуштар мобилизацияланды. Биз шаардын жашоочуларын толугу менен эвакуациялоо керектигин көрүп турабыз. Ошондуктан унаалар адамдарды атайын уюштурулган лагерге жеткирет», - деди Умирзак Шукеев.

Анын айтымында, бардык акимдер эвакуацияланган адамдар үчүн лагерь уюштуруп, ал жерге жеткирилгендердин тизмесин түзүп, туугандары менен мейманканаларга жайгаштырышы керек.

«Ар бир лагерди район акимдери жетектейт. Учурда эвакуациялоо маселе болуп жатат», - деди ал.

Облус жетекчилиги билдиргендей, учурда атайын штаб түзүлүп, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери окуя болгон жерге барышты. Бардык жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми президент Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөгү баракчасына: «Коргоо министрине, ички иштер министрине жана Түркстан облусунун акимине Арыс шаарындагы аскер бөлүктүн ок-дарылар сакталган кампасындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чара көрүүнү тапшырдым. Жашоочулардын коопсуздугун камсыздап, жарылуунун себебин аныктоо керек», - деп жазды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком