09:41, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
09:36, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 20207 Сүрөт — 102 жыл мурун курулган Караколдогу абак
09:23, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 202022 Араванда жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө көмүр таратылды
09:09, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 202017 Абанын күндүзгү температурасы
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020629 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (31 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
11:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Ат-Башыда курула турган логистикалык борбордо электромобилдер чыгарылат

Азиз Батукаевдин иши: Мурунку судья үй камагына алынды

На русскомEnglish
18:51, Кулжа айынын жыйырма үчү, 2019 344
Азиз Батукаев
Азиз Батукаев

Баракелде -  «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматов үй камагына алынды. Бул тууралуу булактар билдирди.

Ж.Эрматовго карата тергөө 23-майда башталганы белгилүү болгон. 2013-жылы 9-апрелде Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Ж.Э. ЖАМКтын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучудан А.Батукаевди камактан бошотуу тууралуу сунуштамасын караган. Батукаев 8 жыл 3 ай жана 7 күн жаза өтөмөк.

«Өз кезегинде судья ЖАМКтын сунуштамасындагы А.Батукаев оор дартка чалдыкканы тууралуу материалды терең изилдебей, аны канааттандырып, ага Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген. Мурунку судья Ж.Э.ге карата Жазык кодексиндеги 335-берененин 1-бөлүмү (билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу) жана 319-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иш козголуп, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком