21:08, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
21:05, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 20201 Путин өзүнө 2 жардамчы дайындады
20:45, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 202023 ОшТУда илимий сессия жыйынтыкталды (сүрөт)
20:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 202081 Фоторепортаж — Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (29 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (19 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду

Сокулукта 3 жана 5 жаштагы бир туугандар сабалды. Шектүү — атасы

На русском
10:30, Кулжа айынын жыйырма үчү, 2019 675
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Сокулук районунун укук коргоо органдары эки жаш баланын сабалышы боюнча тергөө иштерин башташты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 22-июнда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 3 жана 5 жаштагы балдар денесинен жаракат алып түшкөнү тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Ооруканага барган милиция кызматкерлери балдардын апасын суракка алышкан. 26 жаштагы И.А.нын айтымында, 21-июнда кечинде жумушта жүргөндө кошунасы мас абалдагы күйөөсү балдарын сабап жатканы тууралуу айткан. Ал дароо келип, 3 жаштагы баласы жерде жатканын, 5 жаштагы баласы анын жанында отурганын көргөн. И.А. дароо аймактык ооруканага кайрылган.

ОИИБдин маалыматы боюнча, балдардын апасы сурак учурунда күйөөсүнө доосу жок экенин айтып, териштирүүнү токтотууну суранган. Буга карабастан бул факт Жазык кодексиндеги 144-берене (уруп-согуп кыйноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө балдардын атасы – 26 жаштагы К.Ч. суракка алынып, балдарды сабаганын четке какты.

Бардык жагдайларды аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма берилип, экспертиза дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком