17:21, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202062 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды
Учурда окулуп жатат
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (127 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (90 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (56 адам окуп жатат)
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Анара менен Нуртилек дайынсыз жоголду
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (31 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Караколдо милиционерлер аялынын арызынан кийин кармалган жаранды сабашкан, - укук коргоочулар

На русском
17:09, Кулжа айынын жыйырма экиси, 2019 349

Баракелде -  Караколдо милиция кызматкерлери кармалган жаранды сабап салышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Аталган борборго К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Аялы экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аялы милицияга арыз жазгандан кийин ал Каракол ШИИБге жеткирилген.

«Ички иштер органына жеткирилген жаран менен милиция кызматкерлердин ортосунда кайым айтышуу болгон. Андан кийин арызданган К.М. сабалып, убактылуу кармоочу жайга алынган», - деди Н.Сулайманов.

Жабырлануучунун айтымында, милиция кызматкерлери эгерде ал бул окуя тууралуу бирөөгө айта турган болсо, анда маселе боло тургандыгын айтышкан. Н.Сулайманов билдиргендей, милиция кызматкерлери жабырлануучудан милицияга түшкөнгө чейин жаракат алгандыгы тууралуу түшүнүк кат жаздырып алышкан. Ал эми укук коргоочулар жабырлануучунун жаракатын сүрөткө тартып алышкан.

«Ички иштер органдарына жеткирилген убакта кармалган жарандын денесинде сабоонун тактары болгон эместигин медициналык ырастоонун протоколу далилдейт. Материал прокуратурага жөнөтүлөт», - деди борбордун жетекчиси.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком