Кыргызстандын жараны башка паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган
На русском
16:25, 20 кулжа 2019
169
Баракелде - Кечээ, 19-июнда «Ак жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунун чек ара кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстандын 1994-жылы туулган жараны паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда паспорт көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери паспортто көрсөтүлгөн сүрөт кармалган жарандын келбетине дал келбей турганын аныкташкан.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком