13:09, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

500 миң сомун жоготуп, токмоктолгон мушкер: Кылмыш күнү айыпталуучу үйүндө болгонбу?

На русском
14:15, 20 кулжа 2019 (Жаңыланды: 15:11, кулжа 20 2019) 323

Баракелде -  18-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Виноградное айылынын 1995-жылы туулган тургуну Муса Юсуповдун сабалышы боюнча кармалган Амузяв Книяздын кылмышка тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Амузяв Книяздын жактоочусу Айнура Чокоева билдирди.

Маалымат жыйынга жактоочу, Амузяв Книяздын жубайы Юсупова Шарбат, жана тууганы менен Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Уркулов Эрнис Кубатбекович катышты.

Жактоочунун айтымында, азыркы убакка чейин жабырлануучунун арызы менен таанышкан эмес. Ошондой эле жабырлануучу наркоз учурунда өзүнүн тууганы Амузяв Книязды күнөөлүү катары көрсөтүп коюшу мүмкүн экендигин айтты.

«18-июнда Муса Юсуповдун сабалышы боюнча айыпталып жаткан Амузяв Книяз өз үйүндө кармалган. Ал эми кечээ кечки саат 19:00 чамасында Амузяв Книяздын үйүнө милиция кызматкерлери менен тергөөчү тинтүү ишин жүргүзүү үчүн барышкан. Алар эч кандай тийиштүү документтерди көрсөтпөстөн, мыйзамга каршы иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. Бул кылмышка тиешеси жок Книязга күнөө коюлуп жатат. Окуя болгон жерде Книяз болгон эмес. Милиция кызматкерлеринен бул кылмышка тиешеси бар болгон адамдарды кармап, жоопкерчиликке тартуусун суранам», - деди жактоочу.

Ал эми Амузяв Книяздын аялы Юсупова Шарбат эмне үчүн жабырлануучу анын күйөөсүн күнөөлүү кылып жатканын түшүнбөй жатканын айтты. Анын айтымында, күйөөсү кылмыш болгон күнү үйүндө үй-бүлөсү менен болгон.

«Жолдошумдун эч кандай күнөөсү жок. Далили жок эле кармап кетишти. Буга чейин Муса Юсупов менин уулумду сабап койгон. Бирок мен тууган болгонубуз үчүн ага карата арыз жазган эмесмин. Биз өз алдыбызча эле чечишип алганбыз. Эмне үчүн ал жолдошумду күнөөлөп жатканын түшүнбөй жатам», - деди Юсупова Шарбат.

Ал эми Уркулов Эрнистин айтымында, бул кылмыш иши боюнча эки күндө 11 адам суралган.

«Буга чейин бул эки үй-бүлө канча жолу урушканы, социалдык тармактар аркылуу кандай сөздөр менен бири-бирин кемсинткени дагы такталган. Бизге түшкөн маалыматтардын негизинде эле тергөө тобу Амузяв Книяздын үйүнө тинтүү жүргүзгөн», - деди ал.

Мындан тышкары Муса Юсуповдун 500 миң сомун дагы алып кетишкен деген маалымат боюнча дагы айтып берди.

«500 миң сом боюнча дагы такталды. Ал акчаны Бишкек шаарынан Мусанын тууганы такси аркылуу салып жибергени аныкталды. Бул боюнча тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу көп нерсени ачыкка чыгара албайбыз. Ал акча ээсине кайтарылып берилди. Окуяга катышкан 5-6 баланын өздүгү такталды. Учурда бирөө шектүү катары убактылуу кармоочу жайда», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком