11:56, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
11:47, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202011 Сүрөт — Көл жээгиндеги чөнтөк сымал Тоң айылы
11:43, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202033 Өнүгүү жолундагы Каракол. Сүрөт
Учурда окулуп жатат
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (108 адам окуп жатат)
Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
10:46, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (64 адам окуп жатат)
Ала-Букада РИИБдин эки кызматкери пара менен кармалды

Аскер кызматкери Бишкектен Жалал-Абадга чейин тынымсыз чуркап барат

На русском
17:17, Кулжа айынын он тогузу, 2019 264
Кайратбек Рапиев
Кайратбек Рапиев

Баракелде -  Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкери Кайратбек Рапиев Бишкектен Жалал-Абадга чейин чуркоону пландап жатат.

Sport АКИpress агенттигине К.Рапиев билдиргендей, бул идея мурунку жылы эле пайда болгон. Бирок ал физикалык жактан даяр эмес болчу.

«Мен бул жылы даярданып баштадым. Үч айлык машыгуудан кийин күчүмдү сынап, Бишкектен Балыкчыга чейин чуркап бардым. Болжол менен 190 километрди 22 саатта чуркап өттүм», - деди К.Рапиев.

Ал эми анын даярдыгына жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Александр Золотухин жардам берет.

Бишкектен Жалал-Абадга чейинки жолдун узундугу 580 километрди түзөт. Жолду катар Кайратбекти видеого тартуучу топтун унаасы коштоп барат.

«Мен жолдон токтобой, 80 саатта чуркап өтүүнү пландап жатам. Балыкчыга чейин чуркаган жыйынтык физикалык жактан даяр экенимди көрсөттү», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком