03:35, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020177 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201351 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Кыргызстандык «Адемшоу» бий тобу америкалыктарды таң калтырды (видео)

На русском
12:08, Кулжа айынын он тогузу, 2019 539

Баракелде -  Кыргызстандык «Адемшоу» музыкалык топ Америкадагы «Америка таланттарды издейт» (America's Got Talent) аттуу сынактын калыстарын таң калтырды. Аталган топ сынакта самурайлардын кийими менен бийлеп, өнөрүн көрсөтүшкөн.

Калыстардын курамы бийчилердин өзгөчө аткаруусуна суктанышты. Ал эми калыстардын бир өкүлү жигиттердин сахнадагы бийин укмуш деп атады. «Кыймылдар так көрсөтүлдү. Мага бул жакты», - деди ал.

Экинчи калыс буга чейин мындай бийди көрбөгөндүгүн айтып, бийчилерге ыраазычылык билдирди.

Калыстар тобунун үчүнчү мүчөсү кыргызстандык жигиттер бийлеп жаткан учурда «вау» деп гана айтып турганын белгиледи. «Кээ бир учурда "оу" деп айтып жаттым. Анткени кээ бир кыймылдар адамдардыкындай көрүнгөн жок. Мына, талант!», - деп суктанды.

Ошондой эле калыстар тобунун акыркы мүчөсү дагы суктанып, бийчилер автоунаа сыяктуу болгонун айтты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен «Адемшоу» бий тобу сынактын кийинки этабына өттү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком