18:54, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Унаадан аккумулятор уурдаган жаш жигиттердин тобу кармалды

На русском
09:48, 19 кулжа 2019 181
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкекте Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаш жигиттердин тобу кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 5-апрелде милицияга М.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал Аламүдүн кичи районунда анын унаасынан 5500 сомдук аккумуляторун, 5000 сомдук магнитофонун жана 1500 сомдук айнегин уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 12 миң сомду түзгөн.

Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган И.К., 1996-жылы туулган Б.Э. жана 2000-жылы туулган И.К. кармалды. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө алардан 9 аккумулятор алынды.

Кармалган жигиттер убактылуу кармоочу жайга камалып, териштирүү иши жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком