20:15, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020270 Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
17:57, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020169 С.Жээнбеков менен Э.Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Сүрөт: Кантта эки жигит жасалма 8 миң евро алмаштырган

На русском
17:16, Кулжа айынын он сегизи, 2019 336

Баракелде -  Милиция кызматкерлери жасалма 8 миң еврону алмаштырган эки жигитти колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

16-июнда Ысык-Ата РИИБге Лебединовка айылынын 39 жаштагы тургуну кайрылган. Ал эки жигитке чара көрүүнү суранган. Анын айтымына караганда, алар 16-июнда болжол менен саат 15:00 чамасында жасалма 8 миң еврону алмаштырып кетишкен. Ал эми келтирилген чыгымдын суммасы 616 миң сомду түзгөн.

Аталган факт Жазык кодексинин 225-беренеси (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ысык-Ата РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам изилдөө иш-чаранын жыйынтыгында 29 жаштагы С.А. менен 25 жаштагы С.Д. кармалды.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком