08:48, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

АФК Кубогу: «Дордой» клубу Түркмөнстандын чемпиону менен беттешет

На русском
13:42, 18 кулжа 2019 170
«Дордой» - «Алтын-Асыр» - 1:1
«Дордой» - «Алтын-Асыр» - 1:1

Баракелде -  Эртен, 19-июнда учурдагы өлкөнүн чемпиону «Дордой» клубу Азия Футбол Конфедерация Кубогунун тайпалык этабындагы кезектеги оюнун өткөрөт.

D тобунун 5-турунда «Дордой» клубу Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» клубу менен беттешет. Ал эми оюн Ашхабад шаарындагы «Копетдаг» стадионунда Бишкектин сааты менен саат 20:00дө башталат.

Буга чейин командалар Бишкек шаарында беттешкен. Анда оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

Жооптук оюндун алдында «Алтын Асыр» клубу D тобунда 6 упай менен 2-орунда келе жатат. Ал эми «Дордой» клубу 4 упай менен акыркы орунда.Топтук этаптын жыйынтыгы менен 1-орунду алган команда турнирдин плей-офф баскычына чыгат.

19-июнь

Саат 18:30 «Худжанд» (Тажикстан) - «Истиклол» (Тажикстан)

Саат 20:00 «Алтын Асыр» (Түркмөстан) - «Дордой»

1. «Истиклол» - 7 упай;

2. «Алтын Асыр» - 6 упай;

3. «Худжанд» - 4 упай;

4. «Дордой» - 4 упай.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком