03:36, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020177 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201351 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Өкмөт башчы Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушту

На русском
12:58, Кулжа айынын он сегизи, 2019 169

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай өлкөсүнөн келген инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары, тараптар ортосунда жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, аларга күчтүү өбөлгө берет.

«Чан Ань» көп тармактуу корпорациясынын директору Ли Ган белгилегендей, Кытайдан келген делегация эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү багыттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өзүнүн сөзүндө Суяб шаарында туулган көрүнүктүү кытай акыны Ли Байдын саптарын бир нече ирет келтирген. Сапарыбыздын алкагында биз Токмок шаарына жакын жердеги ошол аймакка бардык. Биз акын Ли Бай тууралуу тарыхый тасма тартууга ниеттенип жатабыз. Ошону менен биздин өз ара алакаларыбыздын маданий чийинин жана баалуулуктарын көрсөтөбүз.

Эки өлкөнүн археологдорунун аракеттешүүсү менен биз аймакты изилдеп, казуу иштерин жүргүзүп, акын Ли Байдын музейин тургузсак дейбиз. Бул жер тарыхый туристтик борбор болмок. Мындан тышкары биз жергиликтүү кинорежиссерлор менен жолугушуп, тасманын сценарийин жазуу боюнча сунуштарды талкууладык. Тасма бул жакта жана Кытайда тартылат», - деди ал.

Делегация мүчөлөрү билдиришкендей, сапардын алкагында кытай чайын өндүрүү, Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча макулдашылып, ошондой эле транс чек аралык дүң сооданын электрондук базасын өнүктүрүү келечеги талкууланды.

«Мындан тышкары биз өлкөнүн туристтик потенциалына көңүл буруп жатабыз. Кытайдан жылына 100 млн турист дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнө барышат. Бул багытта Ысык-Көлдүн жээгинде туристтик база, мейманкана комплексин түзүү пландары бар. Бул экономикалык эмес, маданий долбоор. Туристтик каттам мурда Суяб шаары жайгашкан аймак аркылуу өтөт. Бул баштоолордун баары маанилүү жана Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагындагы көрсөтмөлөрүнө дал келет», - деди Ли Ган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, мамлекет Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду колдоого максатталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком