12:43, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
11:47, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202052 Сүрөт — Көл жээгиндеги чөнтөк сымал Тоң айылы
11:43, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202092 Өнүгүү жолундагы Каракол. Сүрөт
Учурда окулуп жатат
12:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (126 адам окуп жатат)
Чуркаган жылкылар унаанын үнүнөн чочуп жыгылышты
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (53 адам окуп жатат)
Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
11:56, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (13 адам окуп жатат)
Таластагы чиновник пара алып жатып кармалды
10:46, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (10 адам окуп жатат)
Ала-Букада РИИБдин эки кызматкери пара менен кармалды

Владимир Путиндин катышуусундагы кайрымдуулук кечеге барган италиялык актриса түрмөгө камалышы мүмкүн

На русском
17:32, Кулжа айынын он жетиси, 2019 445

Баракелде -  Италиялык актриса Орнелла Мути Россиянын президенти Владимир Путин катышкан кайрымдуулук гала-концертке баргандыгы үчүн компенсация төлөөгө милдеттендирилди. Эгерде ал компенсация төлөбөсө камакка алына тургандыгын «Би-би-си» маалымат кызматы билдирди.

Орнелла Мути 2010-жылдын декабрь айында Италиянын Порденоне шаарындагы Верди театрында ролдордун бирин аткармак. Бирок актриса Россиянын президенти катышкан кайрымдуулук кечеге баруу үчүн үч күнгө ооруканага өргүү алып, Санкт-Петербургга учуп кеткен.

Мути театрга берген медициналык маалым кат алдамчылык иш үчүн негиз болгон. Ал эми сот медициналык маалым катты жасалма деп тапкан. Анда актрисага беш күнгө эс алуу сунушталган. Бирок ал Санкт-Петербургдагы кайрымдуулук концертке кетип калган. Качан гана Мутинин Путин менен бир дасторкондо түшкөн сүрөтү пайда болгондо театр ага карата иш баштаган.

Италиялык сот актрисаны алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, 6 айга шарттуу камоо боюнча чечим чыгарган. Ошондой эле 500 евро айып салып, ал эми театрга 30 миң евро төлөөгө милдеттендирген. Ал эми Мути 2015-жылы соттук процессте театрга келтирилген чыгымды төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтып, даттанган.

Бирок ушул жылдын 13-июнунда Жогорку кассациялык сот буга чейин чыгарылган өкүмдү ырастап, Мути көрсөтүлгөн сумманы төлөбөсө абакка камаларын эскертти. Италиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, театр менен эсептешүүгө актрисанын 30 күнү бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком