01:51, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте кылмыш жасаган чет элдик жаран 10 жылдан кийин Москвадан кармалды

На русском
17:29, 17 кулжа 2019 201
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында Түркмөнстандын жараны кармалды. Ал Бишкек шаарындагы каракчылыкка шектелип, 10 жылдан бери изделип жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жана жергиликтүү полициянын биргелешкен иш-чарасынын жүрүшүндө колго түшкөн. Түркмөнстандын 1988-жылы туулган жараны Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 168-берене (каракчылык) боюнча издөөгө алынган.

«Окуя 2010-жылы сентябрь айында Манас проспектиси менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги "7 күн" дүкөнүндө болгон. Шектүү ал учурда И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте 1-курста окуп жаткан. Ал таанышы менен эркек адамга күч колдонуп, ири өлчөмдөгү акчасын тартып алган. Ушул эле жылы милиция кызматкерлери аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктап, башка шектүүлөр каракчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда шектүүнү Кыргызстанга жөнөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком