03:14, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевдин иши: Шамил Атаханов А.Атамбаев боюнча көрсөтмө берди, - ИИМ (видео)

На русском
16:26, 17 кулжа 2019 2464
Шамил Атаханов
Шамил Атаханов

Баракелде -  Мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевди камактан бошотуу боюнча көрсөтмө бергенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештеги атайын комиссиянын отурумунда ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаев маалымдады.

Шамил Атаханов 21-майда кармалган болчу. Ал тергөө менен келишим түзгөндүктөн 7-июнда соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайдан чыгарылган.

Учурда Жогорку Кеңеште мурунку президентти макамынан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Талант Мамытов демилгечилер тобунун Жогорку Кеӊештин төрагасына жазган кайрылуусу менен тааныштырып, экс-президент Алмазбек Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком