08:11, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020235 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201356 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020131 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Сүрөт: Россиядагы жол кырсыктан кыргызстандык жарандар жабыркады

На русском
08:56, Кулжа айынын он жетиси, 2019 468

Баракелде -  Россиянын Оренбург облусундагы жол-транспорт кырсыгынан Кыргызстандын 4 жараны жабыркады. Окуя кечээ, 16-июнда эртең менен болгонун жергиликтүү басылмалар жазды.

Кыргызстанда катталган «Хендай» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Газель» унаасы кагышкан. «Газелде» Россиянын 3 жараны — жубайлар жана алардын небереси бара жаткан. Ал эми кичи автобустагы кыргызстандык жарандардын ичинен 1988-жылы туулган Б.К.нын оң билеги сынып, дагы бир жүргүнчү аял, 1963-жылы туулган М.К. ооруканага жеткирилди. Айдоочу — 1979-жылы туулган Н.Д. ооруканада дарылануудан баш тартты.

«Газель» унаасындагы 1962-жылы туулган В.Е. жана 2014-жылы төрөлгөн кыз ооруканага жеткирилди. Кырсыктын кесепетинен айдоочу — 1960-жылы туулган А.Е. көз жумду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком