03:08, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Таң эрте Бишкекте жол кырсык болду (видео)

На русском
12:34, 16 кулжа 2019 406
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бүгүн, 16-июнда таң эрте Бишкек шаарында жол кырсык болду. Эки унаанын кагылышуусунан 2 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы окуя саат 05:05 чамасында болгонун билдирди. Бул учурда «Субару Форестер» унаасы Москва көчөсү менен жүрүп бара жаткан. Ал Эркиндик бульварына жеткенде «Хонда Жазз» унаасы менен кагышкан.

Унаалар айып короого киргизилип, топтолгон материалдар тергөө иштерин жүргүзүүчү органдардын кызматкерлерине берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком