13:22, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

20 жаштагы айдоочу жасалма номур пайдаланып жүргөн

На русском
13:59, 15 кулжа 2019 301

Баракелде -  Жасалма мамлекеттик номур менен автоунаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Анын жашыруун кылмышын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен Мониторинг борборунун өкүлдөрү ачыктаганын башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«0006 BB» жасалма номурду 20 жаштагы С.Б. пайдаланып жүргөн. Анын «Хонда Торнео» үлгүсүндөгү унаасы айып короого киргизилип, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Айдоочу Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 121-беренесинин (Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) негизинде 10 миң сом айып пулга жыгылат.

Расмий маалымат боюнча, «0006 ВВ» номуру 2018-жылы чыгарылган кара түстөгү «БМВ-X5» унаасына тиешелүү. Ал Бишкек шарындагы «Премиум-Импор» ЖЧКга катталган. Ал эми бул номур Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында жолдо жүрүү эрежелерин бузган «Тойота Камри», «БМВ-Х5», «Мерседес-Бенц W210», «Хонда Торнео» унааларында пайдаланылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком