20:02, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мас абалда унаа башкарган жигит өзүн милиционер деп тааныштырып, тапанча көрсөткөн (видео)

На русском
11:55, 14 кулжа 2019 421

Баракелде -  Социалдык тармакка жол тандабастын айдоочусу өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып, Улуттук гвардиянын аскер кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп жаткандагы видео тарады. Ал тапанча да алып чыккан.

Күбөлүктө Жеңишбек уулу Тынчтыкбектин аты жазылса, видеодогу адам өзүн Абдрахманов деп тааныштырган. Ал балык уулоого келгенин жана мас абалда унаа башкарып жүргөнүн мойнуна алган.

Ал эми Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы: «Аталган адам биздин аскер кызматкерибиз эмес. Мындан тышкары старшиналарга табелдик курал берилбейт», - деп билдирди.

Кийинчерээк маалым болгондой, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Улуттук гвардиянын өздүк курамында аталган ысымдагы аскер кызматкери жок экени жана күбөлүк жасалма экени аныкталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком