19:42, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Вандагы этникалык кыргыздарга 200 турак үй куруу маселеси талкууланды. Сүрөт

На русском
09:41, 14 кулжа 2019 175

Баракелде -  Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 10-12-июнь күндөрү этникалык кыргыздар жашаган Ван провинциясына иш сапар менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында элчи Ван провинциясынын губернатору Мехмет Эмин Билмез менен жолугуп, аталган провинциянын Эрджиш районунун Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

«Губернатор Мехмет Эмин Билмез менен болгон жолугушууда элдин саны көбөйгөнүнө байланыштуу кошумча 200 турак жай куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү, айыл чарба муктаждыктарына кошумча жер тилкесин күрөөгө берүү маселесин чечүү, жыл сайын өткөрүлүп, бирок акыркы 5 жыл ичинде өткөрүлбѳй калган маданият фестивалын калыбына келтирүү, толук эмес орто билим берүү мектебинин ордуна толук орто билим берүү лицейин ачуу, ошондой эле "Ата Журт" этнокомплексинин иш-аракеттерин мындан ары да колдоо маселелери тууралуу макулдашылды», - деп айтылат маалыматта.

Элчи Улуу Памир айылына барып, этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү жана жашоо шарттары менен да таанышты. Ал айылдык жамаат менен болгон жолугушууда Кыргызстандагы мекендештердин атынан салам айтып, өлкөдөгү абал тууралуу айтып берип, жашоочуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Алар Кыргызстандан кыргыз тили жана музыка боюнча мугалимдерди жиберүү өтүнүчүн айтып, элчи аталган маселени чечүүгө элчилик аракет жасай тургандыгын билдирди.

Ошондой эле К.Өмүралиев этникалык кыргыз Кенан Айтач түзгөн «Ата Журт» этнокомплексине барды. Ал Эрджиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгиндеги 20 гектар аянтта жайгашкан. Этнокомплекс кыргыздардын маданиятын, каада-салттарын даӊазалайт. Этнокомплекстин аймагында боз үй, ат минүүчү жай жана жаа атууга атайын жер камсыздалган. Мындан сырткары бул жерде улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары да көргөзмөгө коюлуп турат.

Министрликтин маалыматында: «1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирлик кыргыздардын бир бөлүгү революциясынан кийин Афганистандан көчүрүлүп кеткен. Кыргыздар биринчи Пакистанга көчүп барышкан, бирок Ван өрөөнүнүн катаал климатына кѳнүп калып, жаӊы ысык климаттык шарттарга отурукташа алышкан эмес. Аляскага отурукташканга мүмкүчүлүктүн жоктугунан памирлик кыргыздар Түркия тарабынан кабыл алынган. 1983-жылы Түркиянын өкмөтү Улуу Памир айылын негиздеп, Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясынын Эржиш районунан жер бѳлүп берген.

Учурда Улуу Памир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар отурукташкан. Вандык кыргыздардын бир бөлүгү Стамбул шаарына, акыркы жылдары Анкаранын Чубук районуна жана Түркиянын борбордук бөлүгүнө (миңге жакын) отурукташты», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком